Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Metabo W 22-180 MVT Originalbetriebsanleitung Seite 152

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für W 22-180 MVT:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 1
ky
КЫРГЫЗЧА
(15) ачкыч менен бурап эки көзөнөктөн
чечиңиз.
8. Колдонуу
8.1
Күйгүзүү/Өчүрүү
Машинаны ар дайым эки колдоп кармоо
керек.
Адегенде шайманды күйгүзүп, андан соң
даярдалма материалга алып келүү керек.
Кокустан жүргүзүп алуудан сактануу үчүн:
вилка розеткада суурулуп кеткенде же
электр кубатында бузулуу орун алганда
машинаны өчүрүп коюу керек.
Узак убакытка күйгүзүлгөндө, машина
колдон бошотулганда да иштей берет.
Ошондуктан, машинаны ар дайым эки кол
менен туткасынан кармап, туруктуу абалга
жеткирип, андан соң жумушка көңүл буруу
керек.
Чаң же сүрүндү шайманга сорулуп
киришине жол бербеңиз. Машинаны
өчүргөндөн кийин кыймылдаткыч токтогондо
гана шнурду сууруш керек.
2-бет, A сүрөтүн караңыз.
Моменталдуу күйгүзүү:
Күйгүзүү: Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында
жылдырып, которгуч баскычын (9)
басыңыз.
Өчүрүү: Которгуч (9) баскычын коё бериңиз.
Тынымсыз иштетүү (жабдылышына
жараша):
Күйгүзүү: Бөгөттөгүчтү (8) жебенин багытында
жылдырып, которгуч баскычын (9) басып,
кармап туруңуз. Эми машина күйгүзүлдү.
Эми которгуч баскычын бөгөттөө үчүн (8)
бөгөттөгүчтү дагы бир жолу жебе боюнча
(9) жылдырыңыз (тынымсыз иштетүү
режими)
Өчүрүү: Которгуч баскычын (9) басып, кайра коё
бериңиз.
W...B деп белгиленген машиналар:
Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу
функциясы менен):
2-бет, B сүрөтүн караңыз.
Күйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга
жылдырып, которгучту өйдө карай (9)
басыңыз.
Өчүрүү: Которгуч (9) баскычын коё бериңиз.
8.2
Иш нускамалары
Жылмалоо:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма
материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши
үчүн алдыга, артка жылдырыңыз.
Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн
30° - 40?C бурч менен иштөө керек.
152
Жылмалоочу тегерек менен кесүү:
Жылмалоочу тегерек менен кесип
жатканда ар дайым дисктин
айланышына каршы (сүрөттү
караңыз) иштөө керек. Болбосо,
машинанын кесилген жерден
көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат.
Иштелип жаткан материалга ылайыкталган,
орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга,
ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны
чайкоого жол бербеңиз.
Барабандуу, чоюлган наждактуу сүргүсү
менен жылмалоочу станоктор:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма
материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши
үчүн алдыга, артка жылдырыңыз.
Зымдуу щеткалар менен иштөө:
Машинаны орточо күч менен басыңыз.
9. Тазалоо
Иштетип жатканда машинанын ичинде
коштоочу чаң отуруп калышы мүмкүн. Бул
электр шайманын муздатууну начарлатат. Ток
өткөрүүчү чаң электр шайманынын коргоочу
изоляциясын бузуп, электр соккусун алуу
коркунучун жаратышы мүмкүн.
Бир ыктай убакыт аралыгында алдыңкы жана
арткы аба айлантуучу көзөнөктөр аркылуу
чаңды тазалап же кургак аба менен үйлөтүп
туруу керек. Коргоочу көз айнектерди кийип
жана чаңдан коргоочу туура келген беткапты
кийип шайманды ток булагын берүүчү чекиттен
ажыратыңыз. Үйлөтүү учурунда жетиштүү
сордуруучу аба камсыздалышы керек.
Тутканы (10) тууралоочу баскыч: Зарыл
болсо, баскычтын кирин тазалаңыз же кургап
аба менен үлөтүңүз (басылган абалында,
негизги тутканын 3 абалында тең). Ал үчүн
электр шайманын электр булагынан ажыратып,
коргоочу көз айнек жана респиратор кийүү
зарыл.
10. Мүчүлүштүктөрдү оңдоо
Типтүү табагында "WE..." деп жазылган
машиналар:
- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук
сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде
айлануу жыштыгы КАДИМКИДЕЙ азайат.
Кыймылдаткычтагы ашыкча температура!
Шайман муздагыча жана электрондук сигнал
индикатору өчкүчө, аны куру жүрүштө
иштетиңиз.
- Ашыкча жүктөн коргоо: электрондук
сигнал индикатору (6) күйүп, күч келгенде
айлануу жыштыгы КИЧИНЕ азайат. Электр
шайманына ашыкча күч келген. Электрондук
сигнал индикатору өчкүчө, төмөн күч менен
иштей бериңиз.
- Электрондук авариялык өчүрүү:
Электрондук сигнал индикатору (6) күйүп,
машина өзүнөн-өзү ӨЧҮП калат. Эгер
учурдагы өсүү ылдамдыгы өтө жогору болсо
(мисалы, күтүүсүздөн токтоп же тээп кеткенде)

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis