Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Metabo W 22-180 MVT Originalbetriebsanleitung Seite 149

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für W 22-180 MVT:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 1
басымынан жана борбордон качма күчтөн улам
диаметри чоңойушу мүмкүн.
4.7
Коопсуздук боюнча кошумча
көрсөтмөлөр:
ЭСКЕРТҮҮ – Ар дайым коргоочу көз айнек
кийүү зарыл.
Коргоочу кулак тыгындарын колдонуңуз.
ЭСКЕРТҮҮ – Электрокуралды ар дайым
эки колуңуз менен колдонуңуз.
Жылмалоонун корогоочу чехолун башка
кызматтар үчүн колдонбоңуз. Кесүүчү
дисктерди колдонууда коопсуздук үчүн
тиешелүү коргоочу бөлүктөрүн колдонуңуз.
Сегменттелген кесүүчү тиштери 10 ммден чоң
болгон тиштерди колдонбоңуз. Сегменттерди
кесүү үчүн тескери бурчтагы тиштер гана
колдонулушу керек.
Байланышкан кесүүчү дисктерди алар күчөгөн
убакта гана колдонуңуз.
Ийкемдүү прокладкалар абразив менен
берилсе же ушундай муктаждык болсо, аларды
колдонуу керек.
Шаймандын же аксессуардын маалыматына
баш ийүү керек! Дисктерди майдан жана
соккудан сактоо керек!
Коюлуучу бөлүктөр сөзсүз түрдө өндүрүүчү
сунуштаган көрсөтмө боюнча сактоо жана
текшерүүдөн өтүп туруу керек.
Кесүүчү дисктерди эч качан кара жылмалоо
үчүн же кабырчактарды алуу үчүн колдонбоңуз!
Кесүүчү дисктин каптал тарабына күч келтирбөө
керек.
Даярдалма материалды сыйгалануудан бекем
коргоо зарыл, мисалы, чойдурма жабдуулар
менен. Ири даярдалма материалды
талаптагыдай тиреп коюу керек.
Эгер сайлуу коюлма шаймандар колдонулса,
шпинделдин учу жылмалоочу шаймандын
көзөнөгүнө тийбеши керек. Иш шайманындагы
сай шпинделдин узундугуна дал келгидей
болуп, жетиштүү узундукта болууга тийиш. Иш
шайманындагы сай шпинделдеги сайга дал
келиши керек. Шпинделдин узундугу жана сайы
боюнча маалыматты 3-беттен жана 14.
Техникалык маалымат бөлүмүнөн караңыз.
Туура келген стационардык тузүлүштү колдонуу
сунушталат. Коргоочу өчүрүү жабдыгын (КӨЖ)
30 мА максималдуу иштетүү тогу менен ар
дайым өчүрүү керек. Жылмалоочу машина агып
чыкма токтон коргоочу автомат тарабынан
өчүрүлгөндө, шайманды текшерип, тазалоо
керек. «Тазалоо» 9. бөлүмүн караңыз.
Сынган, тегерек эмес же титиреген
шаймандарды колдонууга болбойт.
Газ же суу түтүктөрүн, электр зымдарын жана
көтөрүүчү дубалдарды (статика) бузуп алуудан
сактануу керек.
Тууралоо, кайра чогултуу же техникалык тейлөө
алдында вилканы розеткадан сууруш керек.
Сынган же жарака кеткен кошумча тутканы
алмаштыруу зарыл. Көмөкчү туткасы бузулган
машинаны иштетүүгө болбойт.
Сынган же жарака кеткен коргоочу каптаманы
алмаштыруу зарыл. Коргоочу каптамасы
бузулган машинаны иштетүүгө болбойт.
Шаймандын деталдары же коргоочу
каражаттары жок болсо же бузулган болсо, аны
күйгүзбөңүз.
Жай жүргүзүүчү баскычтуу машиналар (типтүү
тактасында "WE..." деп жазылган): Эгер
жүргүзгөндө машина максималдуу айлануу
жыштыгына тез көтөрүлсө, демек электрондук
блокто ката бар. Электрондук блоктун
функцияларына тийиштүү техникалык
коопсуздук боюнча башка көрсөтмөлөр жок.
Электр шайманын дароо оңдоого өткөрүңүз (12.
бөлүмүн караңыз).
Майда даярдалма материалды бекитип коюу
керек. Мисалы, аларды тиск менен кыпчытуу
керек.
Фланц дисктерин эки түрдүү (кесүүчү
жылмалоочу жана жылмалоочу) колдонсо,
коргоочу капкактарын А жана С типтерине гана
колдонууга болот.
Бул бөлүмдү караңыз: 11.
Коргоочу чехолун туура колдонуу:
Туура эмес коргоочу чехол шайманды
башкаруудан чыгып кетүүсүнө жана ар кандай
жаракаттарга алып келүүсү мүмкүн. Туура эмес
колдонуунун мисалдары:
- А тибиндеги коргоочу бөлүктү колдонууда
жылмалоочу же кесилүүчү нерселер, бири-
бирине тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ал болсо
өз учурунда башкаруунун жоголушуна алып
келет.
- В тибиндеги коргоочу бөлүктү кесүүчү диск
менен чогуу колдонууда от учкундары чыгуусу
жана диск сынса анын сыныктары чачырашы
мүмкүн.
- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү кирпич
жана бетонду кесүүдө колдонууда өтө көп чаң
чыгышы жана күчтүү кайра кайтуу күчү
чыгышы мүмкүн.
- А, В, С тибиндеги коргоочу бөлүктү, уруксат
берилген калыңдыктан калың тазалоочу
щетка менен колдонууда ал коргоочу бөлүк
менен тийишип, зымдардын жарылуусуна
алып келиши мүмкүн.
Дайыма шайманга туура келүүчү коргоочу
чехолду колдонуңуз. Бул бөлүмдү караңыз: 11.
Чаңдын чыгышын азайтуу:
ЭСКЕРТҮҮ - Барабандуу, чоюлган
наждактуу сүргүсү менен жылмалоочу
станокторду колдонгондо, жылмалоодо,
аралоода, көзөөдө жана башка жумуштарда
пайда болгон айрым чаң түрлөрүндө рак, тубаса
кемтик жана репродуктивдүү функциянын
башка ооруларын чакыруучу химиялык заттар
камтылышы мүмкүн. Мындай химиялык
заттардын айрым мисалдары:
- коргошундуу боёктон чыккан коргошун,
КЫРГЫЗЧА ky
149

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis