Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Metabo W 22-180 MVT Originalbetriebsanleitung Seite 151

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für W 22-180 MVT:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 1
6.3
Негизги бурулма тутка
Негизги тутка тагылган абалда гана иштөө
(11) керек.
2-бет, C сүрөтүн караңыз.
- Баскычты (10) басыңыз.
- Эми негизги тутканы (11) эки тарапка тең 90°
буруп, бекитсе болот.
- Бекем отургандыгын текшериңиз: негизги
тутка (11) бекитилип, бурулбашы керек.
6.4
Электр тармагына туташтыруу
Тармактык штепсель розеткалары инерциялык
эриме сактагычтар же линиялык коргоочу
автоматтар менен корголушу керек.
Типтүү табагында "WE..." деп жазылган
машиналар:
(жүргүзүүчү токту автоматтык түрдө чектегичи
камтылган (жайдан жүргүзүү функциясы)).
Тармактык штепсель розеткалары инерциялык
эриме сактагычтар же линиялык коргоочу
автоматтар менен корголушу керек.
7. Жылмалоочу дискти орнотуу
Кайра жабдуу иштеринин алдында:
кубаттоо шнурун розеткадан ажыратуу
зарыл. Станокту өчүрүп, шпинделди токтотуу
керек.
Коопсуздукту камсыздоо максатында,
кесүүчү жээктин калканын колдонуу
сунушталат (Аксессуарлар бөлүмүн 11.
караңыз).
7.1
Шпинделди бөгөттөө
Шпинделди бөгөттөө баскычын (5)
шпиндель кыймылсыз турганда гана
басууга болот!
- Шпинделди бөгөттөө (5) баскычын басып,
шпинделдин бөгөттөөчү баскычы
бөгөттөлгөнү сезилмейинче (3) кол менен
айлантыңыз.
7.2
Жылмалоочу дискти орнотуу
2-бет, D сүрөтүн караңыз.
W 2..., WE 2... деп белгиленген машиналар:
- Тирөөчү (2) фланецти шпинделге орнотуңуз.
Фланец шпинделде айланбаса, туура
орнотулду деп эсептелет.
- Абразивдүү тегеректи D сүрөтүндө
көрсөтүлгөндөй, тирөөчү (2) фланецке
орнотуңуз.
Жылмалоочу тегерек тирөөчү фланецке тегиз
отурушу керек.
W...A 2... деп белгиленген машиналар:
Автобалансирдин тирөөчү фланеци (4)
шпинделге катуу бекитилет. Башка бурчтуу
жылмалоочу машиналардан айырмаланып,
кошумча тирөөчү фланец талап кылынбайт.
Автобалансирдин тирөөчү фланецинин (4),
абразивдүү тегеректин жана (1) Quick
тирөөчү гайкасынын (14) же тирөөчү гайканын
бети таза болушу керек. Керек учурда аларды
тазалоо зарыл.
- Абразивдүү тегеректи автобалансирдин
тирөөчү (4) фланецине орнотуңуз. Абразивдүү
тегерек автобалансирдин тирөөчү фланецине
тегиз отурушу керек.
7.3
Quick кыпчытма гайкасын бекитүү/
бошотуу (комплектациясына жараша)
Quick кыпчытма гайкасын (1) бекитүү:
Эгер кыпчытуу аймагындагы иш шайманы
8 мм ден калың болсо, Quick кыпчытма
гайкасын колдонууга болбойт! Андан соң
кыпчытма гайканы (14) эки көзөнөккө ачкыч
менен (15) бекитүү керек
Бир гана мандемсиз Quick кыпчытма
гайкасын колдонуңуз: жебе менен сырткы
шакекченин оюгу гана көрүнүшү керек (2-б., сүр.
караңыз).
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Quick кыпчытма гайкасын (1) шпинделге (3)
орнотуңуз. Сүрөттү караңыз, 2-бетте.
- Quick кыпчытма гайкасын саат жебеси боюнча
кол менен бекитиңиз.
- Жылмалоочу тегеректи күч менен саат жебеси
боюнча айлантуу аркылуу Quick кыпчытма
гайкасын бекитиңиз.
W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы
180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.
Quick кыпчытма гайкасын (1) бошотуу:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
- Quick кыпчытма гайканы (1) саат жебесине
каршы бурап чечиңиз.
7.4
Кыпчытма гайканы бекитүү/бошотуу
(комплектациясына жараша)
Кыпчытма гайканы (14) бекитүү:
Кыпчытма гайканын 2 бети бири-биринен
айырмаланат. Контргайканы шпинделге
төмөнкүдөй кылып бураңыз:
2-бет, E сүрөтүн караңыз.
- A) Жука жылмалоочу тегеректер үчүн:
Кыпчытма гайканын хомуту (14) өйдө карап
тургандыктан, жука жылмалоочу тегеректи
бекем орнотууга болот.
B) Калың жылмалоочу тегеректер үчүн:
Кыпчытма гайканын хомуту (14) төмөн карап
тургандыктан, кыпчытма гайканы шпинделге
бекем орнотууга болот.
- Шпинделди бөгөттөңүз. Кыпчытма гайканы
(14) саат жебеси боюнча (15) ачкыч менен эки
көзөнөккө бекитиңиз.
W...B... деп белгиленген машиналарда акыркы
180° күчтүү тоскоолдук менен коштолушу керек.
Кыпчытма гайканы бошотуңуз:
- Шпинделди бөгөттөңүз (7.1 бөлүмүн караңыз).
Кыпчытма гайканы (14) саат жебесине каршы
КЫРГЫЗЧА ky
151

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis