Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Metabo W 22-180 MVT Originalbetriebsanleitung Seite 147

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für W 22-180 MVT:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 1
айланып жаткан иш шайманынан алыс
кармап, шайманды бир мүнөт бою толук
ылдамдыкта иштетүү зарыл. Жабыркаган
коюлуучу бөлүктөр тестирлөө убагында сынып
калышы мүмкүн.
i) Коргоочу жеке каражаттарын кийиңиз.
Колдонулган жабдууга жараша, бетти
коргоочу беткап, көздү коргоо каражаттарын
же коргоочу көз айнек кийүү керек. Керек
учурларда чаңдан коргоочу беткап, коргоочу
наушник, коргоочу мээлей же абразивдин
жана материалдын майда бөлүкчөлөрү
колдонуучудан алыс болушу үчүн атайы
алжапкыч кийүү зарыл. Ар кандай жумуштун
натыйжасында пайда болуп, ыргып жаткан
сыныктардан көздү коргоо керек. Чаң беткабы
же респиратор колдонуу учурунда пайда болгон
чаңды чыпкалашы керек. Эгер машинаны
колдонуучулар узак убакыт бою ызы-чууга
дуушар болушса, угуу жөндөмүн жоготуу
коркунучу пайда болот.
j) Башка адамдар иш аймагынан коопсуз
аралыкта болушун камсыздоо зарыл. Иш
аймагына кирген адамдардын баары жеке
коргоо каражаттарын кийиши керек.
Даярдама материалдын бөлүкчөлөрү же
сыныктар учуп кетип, иш аймагынын сыртынан
да жаракат алуу мүмкүн.
k) Иш шайманы көрүнбөгөн электр өткөрүү
линияларына же өзүнүн кубаттоочу шнуруна
тийип кете турган жумуштарды жасап
жатканда, электр шайманын корголгон
туткасынан гана кармаңыз. Инструменттин
кесүүчү деталы, зымдар менен контакт болуучу
инструменттин бөлүгү аркылуу электр
инструменттин ачык металл бөлүктөрүнө катуу
күч берип, ал электр тогуна урундурушу мүмкүн.
l) Тармак кабелин айлануучу
каражаттарданалыс кармаңыз. Шайманды
башкаруу жоготулса, кубаттоо шнуру үзүлүп же
оролуп калып, колуңуз менен айланып жаткан
шайманды кармап алышыңыз мүмкүн.
m) Коюлуучу бөлүк толук айланып
бүткүчөктү электр шайманды эч качан
койбоңуз. Айланып жаткан иш шайманы бир
нерсеге тийип кетип, электр шайманын
башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн.
n) Электр каражаты иштеп турган учурда
көтөрүп жүрбөңүз. Айланып жаткан иш
шайманына кокус тийип кетсе, оператордун
кийими оролуп калып, шайман оператордун
денесин тешип кетүү коркунучу жаралат.
o) Электр шайманынын аба айлануучу
көзөнөгүн тез-тез тазалап туруңуз.
Кыймылдаткычтын вентилятору корпуска
чаңды сорот, ал эми металл чаңы толуп кетсе,
электр соккусун алууга себеп болушу мүмкүн.
p) Электр каражатын күйүүчү заттардын
жанында колдонбоңуз. Учкундар
материалдарды күйгүзүшү мүмкүн.
q) Муздатуу үчүн суюк каражаттарды талап
кылган коюлуучу бөлүктөрдү колдонбоңуз.
Суу же башка муздатуучу суюктуктарды
колдонуу электр соккусуна урунууга алып
келиши мүмкүн.
4.2
Тээп кетүү жана коопсуздук техникасы
боюнча тиешелүү нускамалар
Жабылуу бул айланып жаткан жылмалоочу
бөлүктүн жабылып калуусу, жылмалоо диски,
жылмалоо табакча, зым щеткалары ж.б.
сыяктуу, кысылып калуусунун натыйжасындагы
күтүлбөгөн реакция болуп саналат. Бир нерсе
такалып же туруп калса бөлүктүн иштөөсүнүн
токтотуусуна алып келет. Натыйжада,
башкарылбай калган электр шайманы
бөгөттөлгөн чекиттен коюлма шаймандын
айлануу багытына каршы ылдамдап айланат.
Эгер, мисалы, жылмалоочу тегерек кыпчылып
калса, жылмалоочу тегеректин даярдалма
материалга кирип турган чети бөгөттөлүп
калып, анын сынып кетишине же тээп кетишине
себеп болушу мүмкүн. Андан соң, бөгөттөлгөн
чекиттеги дисктин айлануу багытына жараша
жылмалама тегерек оператор тарапка же ага
карама-каршы тарапка жылат. Бул учурда да
жылмалоочу тегеректер сынып калышы мүмкүн.
Жабылуу электр шайманды туура эмес
колдонуудан улам жана/же иштөөнүн туура
эмес шарттарынан улам келип чыгат. Төмөндө
көрсөтүлгөн коопсуздук чаралары аркылуу
анын алдын алууга болот.
a) Электр шайманын бекем кармоо керек
жана оператор өз денеси менен колдорун
тээп кетүүгө жол бербегидей абалда
кармашы зарыл. Эгер кошумча туткасы
болсо, тээп кетүү күчүн же жүргүзүү
учурундагы реакция моменттерин
болушунча көзөмөлдөө үчүн, ар дайым
кошумча туткасын да колдонуңуз. Оператор
тээп кетүү жана реакция күчторүн тиешелүү
коопсуздук чаралары аркылуу көзөмөлдөй алат.
b) Колду айланып жаткан иш шаймандарына
жакын кармоого тыюу салынат. Тээп
кеткенде шайман оператордун колуна тийип
калышы мүмкүн.
c) Шайман контролдон чыгып кеткен учурда
жаракат алуудан абайлаңыз жана алыс
туруңуз. Тетиктердин электр шайманына бекем
орнотулушу шаймандын коопсуз иштешине
кепилдик бербейт.
d) Бурчтарды жана башка учтуу жерлерди
жылмалоодо, кесүүдө өзгөчө сак болуңуз.
Айланып жаткан бөлүк бурчтарга же башка
учтуу нерселерге кармалып калып шаймандан
чыгып ыргып кетиши мүмкүн. Бул башкарууну
жоготууга же тээп кетишине алып келет.
e) Каражаттын сегменттелген, аралыгы 10
ммден көп болгон тиштүү лезвиесин
даракты кесүү үчүн колонбоңуз. Мындай
каражаттар негизинен контролдун жоголушуна
алып келиши мүмкүн.
КЫРГЫЗЧА ky
147

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis