Тиш щёткасынын кармагычы
Щётканын башы
Кубаттагыч
Сактоо
1 Щётканын башын чыгарып, металл негизинин
аймагын жылуу суу менен чайкаңыз. Кармагычтагы
жана баскычтардын айланасындагы тиш
пастасынын калдыктарын аптасына кеминде бир
жолу, болбосо, ар бир колдонгондон кийин
тазалап туруңуз.
Көңүл буруңуз: Металл валдын резина пломбасын
же баскычтардын айланасын курч нерселер менен
түртпөңүз. Мындан доо кетиши мүмкүн.
2 Кармагычтын бардык бетин нымдуу кездеме
менен аарчыңыз.
Көңүл буруңуз: Ашыкча сууну кетирүү үчүн
кармагычты раковинага же столдун үстүнө
таптабаңыз.
3 Тутканы сүлгү же жумшак кездеме менен
кургатыңыз.
1 Ар бир колдонгондон кийин щётканын башын
жана кылдарын чайкап, аба аркылуу кургаганча
күтө туруңуз.
2 Щётканын башын кармагычтан чыгарып,
щётканын башынын байланышын кеминде
аптасына бир жолу жылуу суу менен чайкап
туруңуз.
1 Тазалоодон мурун кубаттагычты сууруп салыңыз.
2 Кубаттагычтын бетин нымдуу кездеме менен
аарчыңыз.
Эгерде сиз өнүмдү көпкө чейин колдонбой турган
болсоңуз, аны электр розеткасынан сууруп, тазалаңыз
(«Тазалоо» бөлүмүн караңыз). Аны түз тийген күн
нурунан алыс болгон салкын жана кургак жерде
сактаңыз.
Батареянын кубаты толугу менен отуруп калбашы
үчүн тиш щеткасын дайыма кубаттап туруңуз. Толугу
575
Кыргызча