Herunterladen Diese Seite drucken

Philips sonicare Advanced Clean Bedienungsanleitung Seite 560

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 80
562
Кыргызча
Сактоо жана таранспорттоо шарттары
Электрмагниттик талаалар (ЭМТ)
-
Эгерде шайман адаттан тышкары ысып кетсе, же
жыт чыгара баштаса, түсү өзгөрсө же заряддоо
убагы мурдакыдай болбой, узарып калса,
колдонбой жана заряддабай туруп, Philips'ке
кайрылыңыз.
-
Шайманды жана анын батарейкаларын
микротолкундуу мештердин ичине же эпкин
менен иштеген бышыргыч бетке койбоңуз.
-
Шайманды же батарейканы ачууга, өңүн
өзгөртүүгө, бузууга же тышынан алып чыгууга
аракет кылбаңыз, батарейканы ысып кетүүдөн же
уулуу же коркунучтуу заттарды куюлуп кетүүдөн
алыстатыңыз. Батарейкаларды кыска
туташтырбаңыз, ашыкча заряддабаңыз же
ордулары менен алмаштырбаңыз.
-
Бул шайманда алмаштырылбаган батарейкалар
колдонулат. Батарейка эскирип калганда, шайман
тиешелүү түрдө утилдештирилиши керек, Кайра
иштетүү бөлүмүн караңыз.
-
Кирүү көрсөткүчтөрү (100‑240 V~; 50/60 Hz; 3,5 W)
жана чыгуу көрсөткүчтөрү (5 V DC; 2,5 W) болгон
Philips WAA1001, WAA2001, коопсуздугу
ырасталган IPX4 адаптерлери менен гана
кубаттаңыз. Адаптерлердин тизмесин
www.philips.com/support сайтынан караңыз.
-
Өнүмдү 0 °C жана 40 °C ортосундагы
температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
-
Кубатты керектөө:
-
Өчүк режими: Колдонулбайт
-
Күтүү режими: < 0,1 W (автоматтык түрдө 1
мүнөттүн ичинде жетет)
Температура -10 °C баштап +60 °C чейин (14 °F баштап
140 °F чейин).
Philips компаниясынын бул Philips шайманы
электрмагниттик талаалардын таасири боюнча
бардык тийиштүү стандарттарга жана мыйзамдарга
жооп берет.

Werbung

loading

Diese Anleitung auch für:

Hx3792/11Hx3792/12