Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Metabo WEPBA 19-125 Q DS M-Brush Originalbetriebsanleitung Seite 154

Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 1
ky
КЫРГЫЗЧА
Күйгүзүү: желекче түрүндөгү өчүрүп-
күйгүзгүчтү (11) жебенин багыты боюнча
жылдырып, андан кийин желекче
түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү (11)
басы?ыз.
Өчүрүү: желекче түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү
(11) коё бери?из.
W...RT деген белгиси бар шаймандар:
Кыска мөөнөткө күйгүзүү (автотоктотуу
функциясы менен):
I
Күйгүзүү: Которгуч баскычын (9) алдыга
жылдырып, которгучту өйдө карай (9)
басыңыз.
Өчүрүү: Которгуч (9) баскычын коё бериңиз.
W...RT деген белгиси бар шаймандар:
Тынымсыз иштөө режими (комплектацияга
жараша)
I
Күйгүзүү: шайманды жогоруда сүрөттөлгөндөй
күйгүзү?үз. Баскыч түрүндөгү өчүрүп-
күйгүзгүчтү (9) бир позицияга алдыга
жылдырып, өчүрүп-күйгүзгүчтү (9) ошол
абалда бекитүү үчүн, баскычты коё
бери?из (тынымсыз иштөө режими).
Өчүрүү: баскыч түрүндөгү өчүрүп-күйгүзгүчтү
(9) өйдөнү көздөй басып, кайра коё
бери?из.
8.3
Иш нускамалары
Стандарттык жылмалоо жана наждак кагазы
менен жылмалоо:
Станокту орто күч менен басып, даярдалма
материалдын үстүнкү бөлүгү өтө ысып кетпеши
үчүн алдыга, артка жылдырыңыз.
Одуракай жылмалоо: жакшы натыйжа алуу үчүн
30° - 40?C бурч менен иштөө керек.
Жылмалоочу тегерек менен кесүү:
Жылмалоочу тегерек менен кесип
жатканда ар дайым дисктин
айланышына каршы (сүрөттү
караңыз) иштөө керек. Болбосо,
машинанын кесилген жерден
көзөмөлсүз түшүп кетүү коркунучу жаралат.
Иштелип жаткан материалга ылайыкталган,
орточо күч менен иштөө керек. Өтө кыйшайууга,
ашыкча күч келтирүүгө жана машинаны
чайкоого жол бербеңиз.
Зымдуу щеткалар менен иштөө:
Машинаны орточо күч менен басыңыз.
154
9
0
9
0
8.4
Аспаптын коопсуздук куруна
байланышуу (жабдууга көз каранды)
Бийиктикте колдонуу үчүн атайын
коопсуздук эрежелери боюнча
көрсөтмөлөр. Коопсуздук жана иштетүү боюнча
бардык нускамаларды окуп чыгыңыз.
Коопсуздук жана иштетүү боюнча нускамалар
аткарылбаса оор жаракат алынышы мүмкүн.
- Адистешкен персоналдын колдонуусу үчүн
гана. Колдонуучулар аспапты колдонуу
боюнча жана анын коопсуздук эрежелерин
жакшы билүүсү керек.
- Бийиктикте колдонууда, аспап дайыма
коопсуздук кур менен бекитилип турганын
көзөмөлдөңүз. Metabo маркасына туура
келген гана коопсуздук курун колдонуңуз
(максималдуу узундук 2 м (6,5 фут)
жеткиликтүү амортизациясы менен).
Аспаптын коопсуздук куру үчүн максималдуу
уруксат берилген кулоо бийиктики 2 м ден
(6,5 фут) ашпоосу керек. Аспаптын конкреттүү
түрүнө жана жок дегенде колдоно турчу
бардык аксессуарларын кошкондо салмагына
туура келген, аксессуарларын кошкондо гана
коопсуздук курларды колдонуңуз.
- Аспаптын коопсуздук курун колдонуу боюнча
көрсөтмөлөрдү окуп, таанышып чыгыңыз!
- Ар бир колдонуу алдында сөзсүз түрдө
аспапты (айрыкча бекиткич проушинди) жана
коопсуздук курун зыянга учурабашын жана
кынтыксыз иштөөсүн кылдат текшериңиз
(кездемени тигиши менен кошо). Эгерде аспап
же анын коопсуздук куру көрсөтүлгөндөй
жакшы иштебесе же бузулса, аларды
колдонбоңуз.
- Аспаптын коопсуздук курун денеге
бекитпеңиз. Аспаптын коопсуздук курун анын
кулоо күчүнө туруштук бере алгандай жерге
бекем бекитиңиз.
- Жаракат алуу, кесүү же оролуп калуу
коркунучу. Коопсуздук курду кыймылдап
жаткан бөлүктөрүнүн механизмдеринин же
иштеп жаткан машиналардын жанында
колдонбоңуз.
- Коопсуздук курдун байлагычын башка аспапка
алмаштырбаңыз жана көрсөтмөдө көрсөтүлүп
тургандан башка максатта колдонбоңуз.
- Аспапты карабиндин жардамы менен жалаң
гана коопсуздук куруна бекитиңиз. Аспапты
коопсуздук куруна илмек же түйүмдүн
жардамы менен бекитпеңиз. Бекитүү үчүн
жиптерди же шнурларды колдонбоңуз. Эки
жактуу жабылуу системасы бар карабинди
гана колдонуңуз. Чаптырылып калуучу жеңил
корголгон карабиндерди колдонбоңуз.
- Аспап кулаганда оператордон ары жыла
тургандай кылып коопсуздук курун орнотуңуз.
Кулап кеткен аспаптар коопсуздук курунда
ары-бери кыймылдап калышы операторго
зыян келтириши же тең салмактуулуктун
жоголушуна алып келиши мүмкүн.
- Коопсуздук курга бирден ашык аспапты эч
качан бекитпеңиз.
- Коопсуздук курун аспапка бекитүү үчүн,
атайын арналган бекитүү чекиттерин
колдонуңуз (бекитүү проушини (10)). Бекитүү

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis