Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Жуучу Заттар Жана Кирдин Түрлөрү; Агартуу; Кирди Даярдоо; Кылдат Жууну Талап Кылган Буюмдар - Indesit XWDA 751680 Bedienungsanleitungen

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für XWDA 751680:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen

Verfügbare Sprachen

Жуучу заттар жана
кирдин түрлөрү
Жуучу каражаттар үчүн чөнөкчө
KGZ
Кир жуунун жакшы жыйынтыгы жуучу заттарды туура
дозалоодон дагы көз каранды болот: ашыкча жуучу заттар
натыйжалуу жууну кепилдебейт, тескерисинче, кир жуугуч
машинанын ичинде кеберлердин пайда болушун жана курчап
турган чөйрөнүн булганышын шарттайт.
! Колго жууганга арналган жуучу каражаттарды пайдаланбаңыз,
анткени алар өтө көп көбүк чыгарат.
2-чөнөкчө: Кир жуу үчүн жуучу каражат (порошок же суюк)
Суюк жуучу затты пайдалануу учурунда туура дозалоо үчүн
сунушталуучу А дозаторун пайдалануу сунушталат. Кир жуучу
порошокту пайдалануу үчүн В дозаторуна салыңыз.
3-чөнөкчө: Кошулмалар (чайкагыч ж.б.)
Чайкагычтын деңгээли дозатордун борборунда көрсөтүлгөн
"max" белгисинен ашпашы керек.
кошумча 4- чөнөкчө: Агарткыч
Агартуу
Сунушталуучу кошумча 4-дозаторду 1-чөнөкчөгө салыңыз.
Агарткычты дозаторго "max" белгисинен жогору куйбаңыз.
Эгерде сиз агартууну жүргүзүүнү кааласаңыз, агаркычты
кошумча 4-чөнөкчөгө салыңыз жана программаны тандаңыз
! Салттуу агарткычты калың ак кездемени жууганда колдонуу
керек, түстүү синтетикалык кийим жана жүндөн жасалган
буюмдар үчүн кылдат агарткычты пайдалануу керек.
Кирди даярдоо
• Кирди төмөндөгү белгилери боюнча бөлүңүз:
- кездеменин түрү / этикеткадагы белги.
- түс: түстүү кирди ак кирден бөлүңүз.
• Чөнтөктөн бардык предметтерди чыгарыңыз жана топчуларын
текшериңиз.
• Кургак кирдин салмагын көрсөтүүчү, "Программалардын
таблицасында" көрсөтүлгөн мааниден ашырбаңыз.
Кир канча салмакта болот?
1 шейшеп 400-500 гр.
1 жаздык тыш 150-200 гр.
1 дастаркон 400-500 гр.
1 халат 900-1200 гр.
1 сүлгү 150-250 гр.
Кылдат жууну талап кылган буюмдар
Спорт (1-программа): спорт кийимдеринин (спорттук
костюмдар, байпактар ж.б.) анча кир эмес кездемелерин
жуу үчүн иштелип чыккан; жакшы жыйынтыктарга жетүү
үчүн "Программалардын таблицасында" көрсөтүлгөн,
жүктөөнүн максималдуу чегинен ашырбоону сунуштайбыз.
Жүктөмдүн жарымына ылайык келген өлчөмдө суюк жуучу
каражатттарды пайдаланууну сунуштайбыз.
Күңүрт кездемелер: кара кийимди жуу үчүн 2-программаны
пайдаланыңыз. Программа жуугандан кийин кийимдин түсүн
сактоого эсептелген. Жыйынтыктарды оптималдаштыруу үчүн
22
Чөнөкчөнү чыгарыңыз жана
ага жуучу каражатты же
кошулмаларды төмөндөгүдөй
тартипте салыңыз.
1-чөнөкчө: Алдын ала жуу
үчүн жуучу каражат (порошок)
Кир жуучу порошокту салуунун
алдында кошумча 4-дозатор
орнотулбаганын текшерүү
керек.
кара кийим үчүн суюк жуучу затты пайдалануу сунушталат.
Кургатуу функциясын тандаганда кир жууну аяктагандан кийин
кииймдин түсүн сактоочу, кылдат кургатуу циклы иштейт.
Дисплейде
"
"
режими көрсөтүлөт. Макс. жүктөм: 3 кг.
Жыттарды кетирүү: жагымсыз жыты бар кийимди жуу үчүн
3-программаны пайдаланыңыз (мисалы, тамекинин, тердин,
куурулган тамактын жытын). Программа кездеменин буласын
сактоо менен, жагымсыз жыттарды кетирүү үчүн арналган.
Синтетикалык же аралаш кездемеден кийимдер үчүн 40°та,
пахтадан калың кийимдер үчүн 60°та кир жуу сунушталат.
Кылдат жуу: кылдат мамиле кыла турган кийимди жуу үчүн
4-программаны пайдаланыңыз. Кир жууп баштоонун алдында
кийимди ичинен аңтаруу сунушталат. Жыйынтыктарды
оптималдаштыруу үчүн кылдат кийимдер үчүн суюк жуучу
каражатты пайдалануу сунушталат.
Кургатуу режимин тандоодо кир жуу аяктагандан кийин
гана барабанды жай айлантуунун жана өзгөчө жол менен
контролдонуучу аба температурасынын агымынын аркасында
өзгөчө кылдат кургатуу аткарылат.
Сунушталган узактыгы:
1 кг синтетикалык кийим – 150 мүн.
1 кг синтетика жана пахта кийим – 180 мүн.
1 кг пахта кийим – 180 мүн.
Кургатуунун деңгээли жүктөлгөн кирдин көлөмүнөн жана
кийимдин түрүнөн көз каранды болот.
Жүн: Бул кир жуугуч машинанын "Жүн" кир жуу циклы кир жуу
буюмдун этикеткасында жана электр приборду даярдоочунун
нускамасында көрсөтүлгөн нускамаларга ылайык аткарылган
шартта, "кол менен жуу" жиктемесине ээ болгон, жүн буюмдарды
жуу үчүн тестирлөөдөн өткөн жана Woolmark Company
компаниясынын ырастамасын алган. (M1318)
.
Ыкчам 30' (6-программа) бул программа 30°С температурада
(жүн жана жибек буюмдарынан тышкары) жана 3 кг
максималдуу жүктөмдө азыраак кирдеген кийимди тез жуу
үчүн арналган, бул циклды пайдалануу менен Сиз электр
энергиясын жана убакытты үнөмдөйсүз.
Т ү с т ү ү к е з д ем е ле р : т ү с т ү ү к и й и м д и ж у у ү ч ү н
10-программаны пайдаланыңыз. Программа кир жуугандан
кийин түстүү кийимдин түсүн сактоого арналган.
Эко Пахта 20° (11-программа) орточо кирдеген пахта
кийимдерин жуу үчүн идеалдуу жарайт. Ошондой эле 40°
сууда жууганга салыштырмалуу, муздак сууда кир жууда мыкты
жыйынтыктар алынат, ал кайталануучу тез жогорулоо менен ар
кандай ылдамдыктагы механикалык аракет менен камсыздалат.
Эко Синтетика (12-программа) орточо кирдеген аралаш
түрдөгү кийим (пахта жана синтетика) үчүн идеалдуу
жарайт. Жакшы жыйынтыктар муздак сууда жууганда дагы
алынат, орточо жана аныктоочу аралыктар менен ар кандай
ылдамдыктагы механикалык аракеттер камсыздалат.
Жуу + Кургатуу 45': циклдын чакан узактыгы менен бир
аз кирдеген кийимди (пахта жана синтетикалык) жуу жана
кургатуу үчүн 13-программаны пайдаланыңыз. Бул режимди
тандоодо болгону 45 мүнөттө 1 кг чейинки кирди жууганга
жана кургатканга болот. Оптималдуу жыйынтыктарды алуу
үчүн суюк кир жуугуч затты пайдаланыңыз; алдын ала
көйнөктүн жеңин, жакасын жана тактарын тазалаңыз.
AirFresh (14-программа) пахта жана синтетикалык
кийимден (макс. 1,5 кг) жагымсыз жыттарды, атап айтканда,
тамекинин жытын жуубай туруп, 30 мүнөттө сергитүү жана
тазалоо үчүн оптималдуу цикл.

Quicklinks ausblenden:

Werbung

Kapitel

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis