Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Сактык Жана Сунуштар; Утилизациялоо; Кирди Тең Салмактоо Тутуму; Сактоо Жана Ташуу Шарттары - Indesit XWDA 751680 Bedienungsanleitungen

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für XWDA 751680:
Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen

Verfügbare Sprachen

Сактык жана сунуштар
! Кир жуугуч машина коопсуздук боюнча эл аралык
нормативдерге ылайык долбоорлонгон жана
даярдалган. Сиздин коопсздугуңуз максатында
түзүлгөн ушул эскертүүлөрдү көңүл коюп окуу
керек.
Коопсуздукка карата жалпы талаптар
• Машинаны пайдалангандан кийин аны сөзсүз
өзгөрмө токтун тармагынан өчүрүңүз жана суу
түтүк кранын жабыңыз.
• Бул буюм үйдө пайдалануу үчүн гана арналган.
• Машинаны дене бойлук, сенсордук, акыл-эс
жөндөмдүүлүктөрү чектелүү жана жетиштүү
билимге жана тажрыйбага ээ болбогон
адамдардын (анын ичинде балдардын)
пайдалануусуна жол берилбейт, алар машинаны
алардын коопсуздугу үчүн жооптуу адамдар
тарабынан байкоо астында жана нускамалоодон
кийин гана пайдалана алышат.
• Кир жуугуч машинаны бул техникалык колдонмодо
берилген нускамаларды сактаган чоң адамдар гана
пайдаланышы керек.
• Буюмга нымдуу кол менен, жылаңайлак же нымдуу
бут менен тийбеңиз.
• Буюмду электр розеткасынан ажыратуу үчүн
тармактык кабелден тартпаңыз, айрыны кол менен
кармаңыз.
• Кир жуу процессинде кир жуучу порошок үчүн
чөнөкчөнү ачпаңыз.
• Сууну төгүүдө этият болуңуз, анткени ал абдан ысык
болушу мүмкүн.
• Люкту күч менен ачууга таптакыр тыюу салынат:
бул машинанын капыстан ачуудан коргоочу, коргоо
механизминин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
• Бузук учурда буюмду өз алдынча оңдоо максатында
анын ички механизмдерин ачууга тыюу салынат.
• Балдардын иштеп жаткан кир жуугуч машинага
жакындоосуна жол бербеңиз.
• Кир жуу процессинде кир жуугуч машинанын люгу
ысып кетиши мүмкүн.
• Кир жуугуч машинаны жылдыруу керек болгондо бул
операциясы эки же үч адам абдан этият аткарышы
керек. Эч качан машинаны жалгыз жылдырбаңыз,
анткени машина өтө оор.
• Кир жуугуч машинага кир жүктөө алдында, барабан
бош экенин текшериңиз.
Утилизациялоо
• Таңгактоо материалдарын жок кылуу: таңгактоо
материалдарын кайталап пайдалануу максатында
жергиликтүү нормативдерди сактаңыз.
• Электрондук жана электр приборлорду
утилизациялоого тиешелүү 2012/19/СЕ Европа
Директивасына ылайык, электр приборлорду кадимки
шаар таштандысы менен чогуу ыргытылбашы керек.
Иштебей калган приборлор аларды утилизациялоону
жана алардын курамдык материалдарынын
рекуперациясын оптималдаштыруу үчүн, ошондой
эле курчап турган чөйрөнүн жана ден соолуктун
коопсуздугу үчүн өзүнчө топтолушу керек. Бардык
приборлордо боло турган "чийилген таштанды
челегинин" символу аларды өзүнчө утилизациялоо
жөнүндө эскерткич катары кызмат кылат. Тиричилик
электр приборлорун туура утилизациялоо жөнүдө
кеңири маалымат алуу үчүн пайдалануучулар экичи
сырьену топтоо боюнча атайын борборго же дүкөнгө
кайрыла алышат.
Кирди тең салмактоо тутуму
Ар бир сыгуунун алдында ашыкча вибрациядан алыс
болуу үчүн жана барабанда кирди тегиз бөлүштүрүү
үчүн машина кир жуунун ылдамдыгынан бир аз
жогору ылдамдык менен айлантат. Эгерде бир нече
аракеттен кийин кир туура тең салмактанбаса, машина
каралгандан азыраак ылдамдыкта сыгат. Ашыкча тең
салмаксыздантуу учурунда машина сыгуунун ордуна
кийимди бөлүштүрүүнү аткарат. Кирди бөлүштүрүүнү
оптималдаштыруу жана аны туура тең салмактоо
үчүн майда кийимди чоң кийим менен аралаштыруу
сунушталат.
Сактоо жана ташуу шарттары
• Таңгакталган кир жуугуч машинаны табигый
желдетүүсү бар жабык жайларда 80%дан көп
эмес салыштырмалуу нымдуулукта сактоо керек.
Эгерде машина узак убакыт пайдаланылбаса
жана жылытылбаган жайда сактала турган болсо,
машинаны суудан толук өчүрүү керек. Машинаны
ташуу алдында кир жуугуч машинанын багынын
бузулушуна жол бербөө үчүн, тыгыны менен
транспорттук бурамаларды орнотуу керек.
Машинаны жабык машинанын бардык түрү
менен, аны бекем бекитип жумушчу абалында
(вертикалдуу) ташуу керек. Кир жуугуч машинаны
жүктөө-түшүрүү иштеринде урунууга кабылтууга
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
KGZ
17

Quicklinks ausblenden:

Werbung

Kapitel

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis