Herunterladen Diese Seite drucken

Whirlpool WHC20D013D1 Bedienungsanleitung Seite 216

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für WHC20D013D1:

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 72
Тоңдургуч бѳлүктү кантип эритүү керек
1 .
Тамак-ашты тоңдургуч бөлүмүнөн чыгарганга чейин Тез тоңдуруу/Тез муздатуу* режимин төрт саатка
күйгүзүү сунушталат, ал эритүү фазасында тамак-ашты сактоого жардам берет.
2 .
Эритүү үчүн жабдууну ѳчүрүӊүз жана суурма үкѳктѳрдү алып салыӊыз. Тоӊдурулган тамак-ашты муздак жерге
коюуӊуз. Муздун эрүүсүнѳ мүмүкүндүк берүү үчүн эшикти ачып салыңыз. Эритүү учурунда суу чыгып кетпеши үчүн
тоңдургуч бѳлүктүн астына суу жакшы соро турган чүпүрѳктү коюу жана аны үзгүлтүксүз сыгып туруу сунушталат.
3 .
Тоӊдургуч бѳлүктүн ичин тазалаӊыз жана аны кылдаттык менен кургатыӊыз.
4 .
Жабдууну кайра иштетиӊиз жана тамак-ашты ичине кайра салыӊыз.
Функционалдык үндөр
1 .
Шайман иштеп жатканда компрессордон чыккан үн демейдеги көрүнүш.
2 .
Хладаген муздаткыч контурунда жылганда күркүлдөгөн добуш угулат.
Бул адаттагыдай көрүнүш.
3 .
Компрессор иштеп же иштебей жатканда кыйчылдаган добуш чыгышы
мүмкүн: бул шаймандын структурасынын адаттагыдай добушу.
4 .
Мүмкүн болгон вибрациялардын алдын алуу үчүн муздаткыч эшиктин ичиндеги бөлүмдөр, муздаткыч
бөлүмдөгү текчелер жана суурмалар туура салынганын жана коюлганын текшериңиз.
5 .
Вибрацияны алдын алууга айнек контейнерлерди (бөтөлкөлөрдү, банкаларды, жана башкаларды) бир
бирине тийгизип койбогула.
6 .
Бул шайман компрессор менен жабдылган. Ал оптималдуу ылдамдыкты иштеп электр энергияны
сарптоосун азайтат. Кээ бир ситуацияларда (жайында же эгерде тамактын көп көлөмү салынганда)
компрессор ылдамдыгын көбөйтөт жана ошондуктан ал көбүрөөк үн чыгарышы мүмкүн.
Эгер шайман колдонулбаса, ага карай сунуштамалар
Шайманды колдонбогон учурда
Жабдууну электр тогунан ажыратыӊыз, бошотуӊуз, эритиӊиз (керек болсо) жана тазалаӊыз.
Бѳлүктүн ичинде абанын айланышы үчүн эшикти кичине ачык кармаӊыз. Муну кылуу менен сиз кѳк жана
жаман жыттын ѳрчүшүн болтурбайсыз.
Электр тогу токтотулган учурда
Тамак-аштын болушунча кѳп убакытка чейин муздак турушу үчүн эшикти жабык кармаӊыз. Жарым-жартылай
эритилген тамак-ашты кайра тоӊдурбаӊыз. Эгерде кѳп убакытка чейин ток болбосо, электр тогу ѳчүктүгүн
билдирген сигнализациясы дагы автивдештирилиши мүмкүн (электроника продукцияларында).
Тазалоо жана тейлөө
Ар кандай кармоо же тазалоо операцияларын аткаруудан мурда шайманды штепсель вилкасынан же электр
тогунан ажыратыӊыз .
Эч качан абразивдерди колдонбоңуз . Муздаткычтын бөлүктөрүн, тез күйүүчү суюктуктар менен тазалабаңыз .
Буу тазалоо каражаттарын колдонбоңуз .
Баскычтар жана башкаруу панелинин дисплейи спирт же спирттен келип чыккан заттар менен тазаланбашы
керек . Жөн гана кургак чүпүрөк менен тазалоо зарыл .
Жабдууну анда-санда чүпүрѳктү колдонуп жылуу суунун эритмеси жана муздаткычтын ичин тазалоого
арналган нейтралдуу тазалоочу каражаттар менен тазалаӊыз.
Эриген суунун туруктуу жана туура агышын камсыз кылуу үчүн жашылча-жемиштер
үчүн суурма үкѳктүн жанындагы муздаткыч бѳлүктүн арткы бет жагында жайгашкан
суу агызгычтын ичин көрсөтүлгөн аспапты колодонуу менен үзгүлтүксүз тазалаңыз.
6
Колдонуу жана Кам көрүү колдонмосу

Werbung

loading