Herunterladen Inhalt Inhalt Diese Seite drucken

Whirlpool BI WDWG 961484 EU Bedienungsanleitung Seite 51

Inhaltsverzeichnis

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 59
КООПСУЗДУК НУСКАМАЛАРЫ
Шайманды колдонуудан мурун ушул коопсуздук
нускамасын окуп чыгыңыз. Аларды келечекте окуу
үчүн жакын жерде сактап коюңуз. Бул нускамалар
жана шаймандын өзү маанилүү коопсуздук
эскертмелерин камтыйт, аларды ар дайым
жолдоо керек. Ушул коопсуздук нускамаларын
жолдобогондон, туура эмес колдонгондон
же башкарууларды туура эмес жөндөгөндөн
улам бузулуулар үчүн өндүрүүчү эч кандай
жоопкерчиликти албайт.
Өтө кичинекей балдарды (0-3 жаштагы)
балдарды шаймандан алыс кармаш керек.
Кичинекей балдарды (3-8 жаштагы) балдарды
шаймандан алыс кармап же көз алдынан
чыгарбаш керек. Бул шайманды 8 жаштагы
жана андан улуураак балдар жана ошондой эле
дене-боюндагы, сенсордук же менталдык
мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кишилер же
тажрыйбасы же билими жетишпегендер
шайманды коопсуз колдонуу тууралуу көзөмөл
же үйрөтүү менен жана анын коркунучтарын
билгенде колдонсо болот. Балдар шайман
менен ойнобошу керек. Балдар көзөмөлсүз аны
тазалап же тейлебеши керек. Эшикти күч менен
ачып же аны тепкич катары колдонбош керек.
УРУКСАТ БЕРИЛГЕН КОЛДОНУУ
ЭТИЯТ БОЛУҢУЗ:
өзүнчө алыстан башкаруу тутуму сыяктуу
тышкы которуу түзмөгү менен иштеткенге
ылайыкталган эмес.
Бул шайман үй чарбасында жана башка
окшош төмөндөгүдөй жерлерде колдонууга
ылайыкталган: дүкөндөрдөгү, кеңселердеги
жана башка жумуш кылуу талааларында
жумушчулардын ашкана аймактарында; мал-
чарба үйлөрүндө; мейманканаларда,
мотелдерде, тамак жана уктоо жерин
камсыздаган же башка жашоо аймактарында
кардарлардын колдонушунда.
Аппаратты программанын таблицасында
көрсөтүлгөн (кургак кирдин кг.) максималдык
сыйымдуулук деңгээлинен ашык жүктөбөңүз.
Бул шайман адистик колдонуу үчүн ылайык
эмес. Шайманды эшикте колдонбоңуз.
Эч кандай эритмелерди колдонбоңуз (мис.
скипидар, бензол), эритмелер кошулган жуучу
каражаттар, айнек же жалпы максаттагы
тазалагычтар же тез өрттөнүүчү суюуктуктар
менен иштелген кездемелерди машинада
жуубаңыз.
Жуулбаган буюмарды тоңгочук кургаткычта
кургатпаңыз.
Тамак жасаган май, алкоголь, бензин,
керосин, так кетиргич, скипидар, мом жана мом
кетиргичтер сыяктуу заттар менен булганган
буюмдарды тоңгочук кургаткычта кургатардан
мурда ысык сууда детергенттин кошумча
өлчөмү менен жууш керек.
Көбүктүү резина (латекс көбүгү), чайынма
топусу, суу өткөрбөгөн текстиль, резина менен
ичтелген нерселер жана кийим же көбүктүү
резина менен толтурулган ичтүү жаздыктарды
тоңгочук кургаткычта кургатпаш керек.
Кездеме жумшарткыч же ошол сыяктуу
өнүмдөр кездеме жумшарткычтын
нускамасында көрсөтүлгөндөй колдонулушу
Шайманды таймер же
ОКУП ЖАНА ЖОЛДОО МААНИЛҮҮ
керек.
Буюмдар зыянга учурабагашын камсыз
кылган температурада чыгарылышын мүмкүн
кылуу үчүн тоңкочук кургаткыч циклинин
акыркы бөлүгү ысытуусуз болот (суутуу цикли).
Ысык тарап кетиши үчүн буюмдар бат алып
чыгылып, жайылбаса, эч качан тоңгочук
кургаткычты кургатуу цикли аяктай электе
токтотпоңуз.
Кургатуу фазасында эшик кыйла ысууга
дуушар болот.
Шайманды бат тутанма эриткичтер (мис.,
трихлорэтилен) менен жуулган кийимдерди
кургатканга колдонбоңуз.
Шайманды көбүктүү резина же ошол
сыяктуу эластомерлерди кургатканга
колдонбоңуз.
Кургатуу циклдер учурунда суу краны ачык
экенин текшериңиз.
Чөнтөктөрдөн жарык кылгыч жана ширеңке
сыяктуу нерселердин баарын чыгарыңыз.
ОРНОТУУ
Шайманды эки же андан көбүрөөк киши
кармап, орнотушу керек - жаракат алуу
коркунучу бар. Таңгактан чыгарып жана
орнотуу үчүн коргоочу кол каптарды кийүү
керек - кесүү коркунучу бар.
Эгер кургаткыч машинаңызды кир жуугуч
машинаңыздын үстүнө койгуңуз келсе, биринчи
биздин Сатуудан кийинки Кызматыбызга же
адис дилериңиз менен бул мүмкүнбү же жокпу
ырастоо үчүн маалымат алыңыз. Эгер
кургаткыч кир жуугуч машинасына биздин
Сатуудан кийинки Кызматыбызга же адис
дилериңиз аркылуу штабелдөө топтомунун
жардамы менен гана орнотулганда мүмкүн
болот.
Шайманды үстүнөн же үстүңкү капкагынан
кармабай туруп жылдырыңыз.
Орнотуу, суу камсыздоосу менен бирге (эгер
болсо) жана электр кубатына туташтыруулар
тиешелүү билими бар адис тарабынан
жүргүзүлүшү керек. Колдонмодо көрсөтүлгөн
болбосо, шаймандын кандайдыр бир бөлүгүн
өзүңүз билип алмаштырып же оңдобоңуз.
Балдарды орнотуу жеринен алыс кармаңыз.
Шайманды таңгактан чыгаргандан кийин, ага
ташуу убагында зыян келтирилбегенин
ырастаңыз. Эгер көйгөй болсо, дилер же сизге
эң жакын турган Сатуудан кийинки кызмат
менен байланышыңыз. Орнотулгандан кийин,
таңгактоодон кийин калган таштандылар
(пластик, пенополистирок бөлүкчөлөрү ж.б.)
балдар жетпеген жерде сакталышы керек -
мууну крокунучу бар. Кайсы болбосун орнотуу
убагында, шайман кубат булагынан
ажыратылышы керек - электр тогуна урунуу
коркунучу бар. Орнотуу убагында, шайман
кубат кабелине зыян келтирбегенин ырастаңыз
- өрт чыгуу же токко урунуу коркунучу бар.
Орнотуу аяктаганда гана шайманды иштетип
көрүңүз.
KY

Werbung

Inhaltsverzeichnis
loading

Inhaltsverzeichnis