Маанилүү
Коопсуздук
Бул колдонуучунун нускамасын кылдаттык менен окуп чыгып, аны кийинкиге сактап коюңуз.
Майнаптуулукту камсыз кылуу үчүн, тазалагычыңызды эң акыркы версияга жаңыртууну
сунуштайбыз. Сиз бул жаңыртууну Air+ колдонмосу аркылуу алсаңыз болот
(Wi-Fi функциясы бар өнүмдөр үчүн гана).
Коркунуч
•
Электр шогун жана өрт коркунучунун алдын алуу үчүн, шайманды суу же башка суюктук
же (тез өрттөнүп кетүүчү) нерсе менен тазалабаңыз жана да аларды шайманга киргизип
жибербеңиз.
•
Инсектицид же аромат сыяктуу күйүп кетүүчү нерселерди шаймандын тегерегинде сеппеңиз.
Эскертүү
•
Шайманды туташтыруудан мурда фирмалык тактада көрсөтүлгөн чыңалуу жергиликтүү
тармактын чыңалуусуна дал келерин текшериңиз.
•
Эгерде электр шнуру бузулган болсо, аны Philips'тин ыйгарым укуктуу тейлөө борборуна же
башка квалификациялуу адамдарга алмаштыртуу керек.
•
Эгерде адаптер, электр шнуру же шайман өзү бузук болсо, шайманды колдонбоңуз.
•
Шайман менен бирге берилген текшерүүдөн өткөн гана адаптерди (AC0819/AC0820/AC0830:
KA1801A-2400750EU, AC0850: KA2401A-2401000EU) колдонуңуз.
•
Эгер коопсуз пайдалануу боюнча нускамалар берилсе же коопсуз пайдалануу үчүн көзөмөл
алдында болсо жана коркунучтар тууралуу кабарланган болсо, бул шайманды 8 жаштан
өткөн балдар жана физикалык жактан, сезүү жөндөмү же акыл-эси чектелген адамдар же
тажрыйбасыз адамдар колдоно алат.
•
Балдар шайман менен ойнобошу керек.
•
Балдар көзөмөлсүз тазалоо же оңдоо иштерин жүргүзбөшү керек.
•
Аба кирүүчү жана чыгуучу жерди бүтөп салбаңыз, мисалы аба чыгуучу тешикке же аба
чыгуучу тешиктин алдына бир нерселерди коюу аркылуу.
•
Аба кирүүчү жана чыгуучу тешиктен жат нерселер шайманга кирип кетпешин камсыздаңыз.
•
802.11b/g/n стандартынын негизиндеги 2,4 Гц жыштык диапазонунда максималдуу чыгуу
күчү 31,62 мВт EIRP боюнча иштеген WiFi интерфейси (Wi-Fi функциясы бар өнүм үчүн гана).
Эскертүү
•
Бул шайман желдетүүнү, регулярдуу чаң соргуч менен тазалоону же тамак жасоо учурунда
экстрактор капотун же желдеткичти алмаштырбайт.
•
Шайманды дайыма туруктуу, кургак, түз жана горизонталдуу жерге коюп, колдонуңуз.
•
Түзмөктүн тегерегинде кеминде 20 см, шаймандын үстүндө кеминде 30 см бош орун
калтырыңыз.
•
Шайманга отуруп же үстүнө чыкпаңыз. Шаймандын үстүнө эч нерсе койбоңуз.
•
Шайманга суюктук акпаш үчүн, аны кондиционердин так түбүнө койбоңуз.
•
Бул шайман үчүн атайын арналган оригиналдуу Philips чыпкаларын гана колдонуңуз. Башка
чыпкаларды колдонбоңуз.
•
Фильтрдин күйүп кетиши адамга кайтарылгыс коркунуч жаратышы жана/же башкалардын
өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн. Чыпканы отун катары же ушул сыяктуу максатта
колдонбоңуз.
•
Шайманды (өзгөчө аба кирүүчү жана чыгуучу жерге) катуу нерселер менен урбаңыз.
•
Физикалык жаракат албоо же шаймандын иштебей калуусун алдын алуу үчүн
манжаларыңызды же башка нерселерди аба чыгуучу жерге же аба кирүүчү жерге
киргизбеңиз.
KY
35