Herunterladen Diese Seite drucken

Philips Sonicare Cordless Power Flosser 3000 Serie Bedienungsanleitung Seite 443

Vorschau ausblenden Andere Handbücher für Sonicare Cordless Power Flosser 3000 Serie:

Werbung

Verfügbare Sprachen
  • DE

Verfügbare Sprachen

  • DEUTSCH, seite 65
Батареянын коопсуздук нускамалары
-
Тазалагандан кийин катуу канаса же 1 апта
колдонгондон кийин да канай берсе, же болбосо,
ыңгайсыздык же оору сезимин жаратса, шайманды
колдонууну токтотуп, тиш догдурга/дарыгерге
кайрылыңыз.
-
2 ай мурун оозуңузга же тиш этиңизге операция
жасалган болсо, шайманды колдонуудан мурун
тиш догдурга кайрылыңыз.
-
Эгер сизде кардиостимулятор коюлуп же башка
түзмөк жалгаштырылган болсо, шайманды
колдонуудан мурун анын өндүрүүчүсүнө же
дарыгерге кайрылыңыз.
-
Эгер сизде медициналык маселелер бар болсо,
аны колдонуудан мурун дарыгериңиз менен
кеңешиңиз.
-
Бул шайман жеке колдонууга арналган түзмөк
жана аны стоматологиялык клиникаларда же
мекемелерде бир нече бейтапка колдонууга
болбойт.
-
Өнүмдү 5 °C жана 40 °C ортосундагы
температурада гана колдонуп жана сактаңыз.
-
Бул шайманда атайын билими бар адамдар
тарабынан гана алмаштырылуучу батарейкалар
колдонулат.
-
Өнүмдү анын багытталган максаты менен
колдонуңуз. Өнүмдү, анын батарейкалар менен
кошумча жабдууларын колдонуу алдында ушул
маалыматты кылдат окуп чыгыңыз жана
кийинчерээк колдонуу үчүн сактап коюңуз. Туура
эмес колдонуу зыянга же олуттуу жаракат алууга
себеп болушу мүмкүн. Кошумча жабдуулар
өнүмдөрдүн түрүнө карап, айырмаланышы
мүмкүн.
-
Philips шайманынын түпнуска аксессуарларын
жана керек-жарактарын гана колдонуңуз.
WAAxxxx ажыратылуучу камсыздоо блогун гана
колдонуңуз.
-
Өнүмдү жана батарейкаларды оттон алыс кармап,
жана түз тийген күндүн нуруна жана
температурасы жогору ысыкта калтырбаңыз.
443
Кыргызча

Werbung

loading